Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Жалал-Абадда ветеринардык клиниканын жетекчиси кармалды


Койлор кырылган Сузак районундагы ветеринардык клиниканын бир сатуучусу мыйзамсыз аракеттери үчүн кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирүүдө. Маалыматка ылайык, бул сатуучуну ишке алган клиниканын ээси уруксаты жок дары-дармек сатканы да аныкталды. Мындан тышкары бул ооруканада ишкердиктин эрежелери бузулганы, Социалдык фондго жана Салык инспекциясына сегиз жылдан бери 350 миң сом төлөнбөгөнү тастыкталды. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө башталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын соңку маалыматына ылайык, Жалал-Абаддын Сузак районунда чечекке каршы эмдөөдөн өткөндөн кийин кырылган койлордун саны 1979га жетти. Буга чейин койлордун кырылышы боюнча төрт кылмыш иши козголгон. (KKs)

XS
SM
MD
LG