Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Бишкекте индиялык 13 студент ооруканага түштү


Кыргызстандын эл аралык университетинде окуп жаткан 13 индиялык студент бүгүн түнү Тез жардамга кайрылып, Улуттук госпиталга жаткырылды. Тез жардам станциясынан “Азаттыкка” билдиришкендей, аларга химиялык каражаттын таасиринен пайда болгон “көздүн күйүгү” делген диагноз коюлду. Алдын ала маалымат боюнча, студенттер сабак учурунда формалин затын көбүрөөк жыттап алып, кечинде көздөрү катуу ооруй баштаган. Бул маалыматты Кыргызстандагы эл аралык университетинен да тастыкташып, студенттердин абалы жайында экенин билдиришти. (KKs)

XS
SM
MD
LG