Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

Москвада кыргыз жараны 20 жолу бычак жеп каза тапты


Москвада Сузак районунан барган 24 жаштагы Куштарбек уулу Бейшенбек жыйырма жолу бычак жеп көз жумду. Москвадагы кыргыз элчилигинин басма сөз кызматы бүгүн кабарлагандай, бул окуя 20-сентябрда түнкү саат 11лер чамасында болгон. Кыргыз жаранынын моюн тушуна эки жолу бычак тийип, ал тез жардам келгенге чейин үзүлгөн. Маркум Москвада кургатылган жер-жемиштерди дүңүнөн саткан кампада иштеп келген. Бул боюнча Москванын Дорогомиловск район аралык прокуратурасы кылмыш иш козгоду. (KKs)

XS
SM
MD
LG