Жалал-Абадда койлору кырылган жарандарга акчалай жардам көрсөтүү маселеси чечиле элек. Бул тууралуу өкмөттүн айыл-чарба тармагын өнүктүрүү бөлүмү билдирүүдө. Маалыматка ылайык, азыр өкмөт койлордун кырылышынын так себеби аныктала элек деген пикирде турат. Бул маселени чечүүдө мал ээлеринин өздөрүнүн да жоопкерчилиги эске алынмакчы. Соңку маалыматка ылайык, Жалал-Абаддын Сузак районунда чечекке каршы эмдөөдөн кийин кырылган койдун саны 1979га жетти. (KKs)