Нидерландиялык режиссер Крис Беллони тарткан “Мен кумса жана мусулманмын” тасмасын бүгүн “Бир дүйнө-Кыргызстан” фестивалынын жабылыш аземинде көрсөтүүгө тыюу салынды. Фестивалдын директору Төлөкан Исмаилованын “Азаттыкка” кабарлашынча, мындай чечимди Бишкектеги Биринчи май райондук соту Башкы прокуратуранын жана Улуттук коопсуздук комитетинин көрсөтмөсү менен чыгарды. Өз кезегинде эки орган бул арыз мусулмандардан түшкөн кайрылуулардын натыйжасында берилгенин айтышууда. Маалыматка ылайык, УКМК бул тасмада экстремизм белгилери бар деп тапкан. Бул боюнча Башкы прокуратура жана УКМК расмий маалымат бере элек. Ал тапта Кыргызстандагы мусулман коомчулугунун өкүлдөрү ушул тапта тасмага каршы маалымат жыйынын өткөрүп жатышат. Түштөн кийин “Бир дүйнө” фестивалы өтө турган Бишкектеги “Манас” кинотеатрынын алдында нааразылык акциясы уюштурулары кабарланууда.
“Мен кумса жана мусулманмын” тасмасы Мароккодогу гомосексуал мусулмандар тууралуу баяндайт. (KKs)
“Мен кумса жана мусулманмын” тасмасы Мароккодогу гомосексуал мусулмандар тууралуу баяндайт. (KKs)