Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:16

ВИЧ илдеттүү энелер өкмөттүк комиссия түзүлүшүн талап кылууда


Ош облусундагы ВИЧ илдеттүү энелер аларга оору кандай жол менен жукканын өкмөттүк комиссия териштирип берсин деп талап коюшууда. Эгер бул талаптары тез арада аткарылбаса, Ак үйдүн алдына нааразылык акциясына чыгышарын бүгүн Ошто өткөн маалымат жыйынында билдиришти. Алар медициналык каражаттар аркылуу оору жуккан балдардын энелери менен энеден баласына жугуп жабыр тартып жаткан аялдарга өкмөт эки башка мамиле жасап жатканына нааразы болушууда.

«Биздин ВИЧ илдеттүү балабыз бар. Аларга оору биз аркылуу өткөн, өзүбүзгө кандайча жукканын билбейбиз. Бардыгыбыз айылда эле ак никеде жашап жүргөн аялдардан элек, азыр көпчүлүгүбүздү күйөөлөрүбүз таштап кетти. Текшерип, бизге оору кайдан жукканын аныктап беришсин», - деди аялдардын бири.

Нааразы болгон айымдар балдары үчүн төлөнүп жаткан пособие ооруканадагы шалаакылыктан улам ВИЧти жуктурган балдардыкы менен барабар болушун талап кылышууда. Андан сырткары үйгө муктаждарга турак жай берилсин деп жатышат.

Учурда алар балдары үчүн үч миң сом жөлөк пул алышат. Медициналык шаймандар аркылуу ВИЧти жуктургандарга берилчү акча беш миңден жогору экенин айтышты.

Соңку маалымат боюнча, Кыргызстанда ВИЧ инфекциясына кабылгандардын саны 4400дөн ашты. Ош облусунда ВИЧ энеден баласына жуккан 30дай учур катталган. (SE)

XS
SM
MD
LG