Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Тикрит шаарындагы абакта 15 киши өлдү


Ирактын Тикрит шаарында түрмөдөгү кагылышууда аз дегенде 10 полициячы жана камактагы 5 киши өлдү. Түн ичинде согушкерлер түрмөгө кол салып, аны ээлеп алышкан. Кийин тартип коргоочулар абакты кайра кайтарып алышты. Тополоң учурунда кеминде 81 айыпкер качууга үлгүрдү. Июль айында "ал-Каиданын" курамындагы “Ирак Ислам мамлекети” деген топ аскердик операция баштай турганын жарыялаган. Жихадчылардын интернет форумунда согушчан топ соттор менен прокурорлорду бутага алганы, түрмөдө отургандарды бошотууну көздөгөнү айтылган.

XS
SM
MD
LG