Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:09

Непалда Эверестке багыт алган эки мотордук чакан учак кырсыкка учурады


Учактын бортундагы бардык 19 адамдын каза болгону маалымдалууда. Учак баш калаа Катмандудан көтөрүлгөндөн көп узабай кулаган. Кабарларга караганда, набыт болгондордун арасында британиялык жана кытайлык туристтер жана жергиликтүү 7 киши бар. Учак аэропорттун жанындагы дарыянын жээгине кулап түшүп, күйө баштаган. Кырсыктын себептери белгисиз, аба ырайы ошол маалда жакшы болчу деп айтылууда.

Тоолуу Непалда чакан учактардын кырсыктары көп катталат. Май айында өлкөнүн түндүгүндөгү аэропорттордун бирине конуп жаткан учак кулап, 15 киши мүрт кеткен.

XS
SM
MD
LG