Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Кытай автобустары боюнча жаңы кылмыш иши ачылды


Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, 2009-жылы Кытайдан гранттык автобустардын алып келүү боюнча жаңы кылмыш козголду. Ага ылайык, “Бишкек шаардык жүргүнчү-автотранспорт ишканасынын” мурдагы жетекчиси Медет Кожобергеновго дагы бир айып тагылды. Анын кытайлык өкүлдөр менен келишип алып, 100 миң долларды өз чөнтөгүнө салганы аныкталууда. Жаңы айып боюнча Кожобергеновдин пикири белгисиз.

Буга чейин Кытайдан автобустарды алып келүүдөгү коррупциялык аракеттер боюнча мурдагы Бишкек мэри, Жогорку Кеңеш депутаты Нариман Түлеевге кылмыш иши козголгон. (KKs)

XS
SM
MD
LG