Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:47

Француз өкмөтү 2013-жылдын бюджет долбоорун кабыл алды


Анда 30 миллиард еврого тете таңсыктыкты кыскартуу үчүн салыктарды көбөйтүү каралган. Өкмөт муну менен бюджет дефицитин 3 процентке чейин азайтууга үмүттөнөт. Керектүү каражаттын үчтөн эки бөлүгү казынага салыктар аркылуу, калганы мамлекеттик чыгымдарды кыскартуунун эсебинен түшмөкчү.

Премьер-министр Жан-Марк Эро салыктарды көбөйтүү калктын 10 процентиндейине – эң байларга гана тиешелүү болоорун билдирди. Өкмөт 1 миллион евродон ашкан кирешеге 75 проценттик салык киргизүүнү пландап жатат. Долбоор буга чейин эле сынга кабылган. Байкоочулар байлардын салыктары көтөрүлсө, бай керектөөчүлөр жана инвесторлор Францияга келбей калышат деп эскертишет.

XS
SM
MD
LG