Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:49

БУУ Сириянын күчтөрүн айыптаган резолюция кабыл алды


БУУнун Адам укуктары боюнча мекемеси Сириянын куралдуу күчтөрүнүн зордукчул аракеттерин айыптаган резолюцияны кабыл алды. Документте ошондой эле ал жердеги согуш кылмыштарын иликтөө боюнча эл аралык топтун мандатын 6 айга узартуу каралат. Резолюция долбоорун Женевада жайгашкан мекемеге Араб өлкөлөрү сунуш кылышкан. 47 мүчө мамлекеттин 41 аны жактырууну колдошсо, Кытай, Куба жана Орусия каршы добуш беришти, дагы 3 өлкө калыс калды.

Согуш кылмыштарын иликтеген кеңеш Сирия өкмөтүн адам укуктарын одоно бузуп жаткандыгы үчүн айыптаган. Топтун мандаты ушул айдын соңунда аяктамак.

XS
SM
MD
LG