Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:39

Кытай Коммунисттик партиясынын мурдагы мүчөсү партиядан чыгарылды


Кытай Коммунисттик партиясынын саясий бюросунун мурдагы мүчөсү Бо Силай партиядан чыгарылды. Мамлекеттик маалымат каражаттары билдиришкендей, ага бир нече берене, атап айтканда коррупция, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, паракорлук жана бир нече аялдар менен жеке мамилелери боюнча айып тагылышы ыктымал. Партиянын Чунцин провинциясындагы жетекчиси британиялык ишкер Нил Хейвуддун киши колдуу болушу боюнча жаңжалдын чордонунда болуп келаткан. Бул иш боюнча Силайдын жубайы жана жергиликтүү полиция жетекчиси камакка алынган. Бул саясий чатак бийликтеги Коммунисттер кезектеги курултайына даярданып жаткан учурда тутанды. 8-ноябрда өтчү жыйында партиянын баш катчысы Ху Цзинтао кызматынан кетип, жетекчилик алмашмакчы.

XS
SM
MD
LG