Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:47

Өзбекстандын Эркин соода аймагына кирүү чечими колдоо тапты


КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Өзбекстандын Эркин соода аймагы тууралуу келишимге кирүү боюнча чечимин колдошту. Аталган документке ушул жылдын аягына чейин кол коюлат. Ага чейин өлкөлөр мамлекеттик деңгээлде макулдашууну карап чыкмай болду. Бул тууралуу кыргыз өкмөт аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

28-сентябрда Ялтада өткөн КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйынында мындан сырткары жыйырмадан ашык документке кол коюлду. Анын алкагында маалыматтык коом түзүү, өлкөлөр аралык инновациялык программаларды ишке ашыруу каралды. Жыйындын соңунда гуманитардык, маданий жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган иш-кагаздардын топтому да жактырылды.
КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев катышты.

Эркин соода аймагын түзүү боюнча келишимге 2011-жылдын 18-октябрда КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын Санкт-Петербургдагы жыйынында Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Беларус, Молдова жана Армения кол койгон. Ал эми Өзбекстан, Азербайжан, Түркмөнстан макулдашууну изилдеп көрөөрүн билдирген. (AKu)

XS
SM
MD
LG