Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:34

"Бир дүйнөнүн" жеңүүчүлөрү аныкталды


Адам укуктарына арналган “Бир дүйнө – Кыргызстан – 2012” кинофестивалы жыйынтыкталды. Анда чет өлкөлүк тасмалардын ичинен австриялык режиссердун “Мыйзамсыздыкка кабылган эне” тасмасы баш байгеге ээ болду. "Азаттыктын" кабарчысы билдиргендей, жергиликтүү тасмалардан мыкты тасма деп “Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмнең бар” тасмасы табылды. Анын режиссеру - студент Абдуалим Мамадалиев.

“Азаттыктын” журналисттери Аида Касымалиева жана Мирлан Токталиевдин “Москвада калган ый” тасмасы “Фестивалдын ачылышы” деген атайын сыйлыкка ээ болду. Тасма Москвадагы кыргыз мигрант кыз-келиндер жана ташталган ымыркайлардын тагдырын баяндайт. Кийинки орунду Чынара Сыдыкованын “Тагдырлар күндөлүгү” тасмасы ээледи.

24-сентябрдан 28-сентябрга чейин өткөн кинофестивалда адам укуктарына арналган 32 тасма көрсөтүлдү. Анын 16сы чет өлкөнүн фильмдери. (AKu/ST)

XS
SM
MD
LG