Испаниянын түштүгүндө нөшөр жаандан улам суу ташкындап, 7 адам набыт болду, алардын экөө балдар. Суу ташкыны машинелерди агызып, жолдорду бууду, жүздөгөн адамдар үйлөрүн таштап качууга аргасыз болушту. Жаратылыш кырсыгынан өлкө түштүгүндөгү Малага провинциясы жана Мурсия, Андалусия шаарлары көбүрөөк жабыркаганы айтылууда. Андалусиянын бери дегенде 600 тургуну шаардан коопсуз жайга көчүрүлдү. Метеорологдор Испаниянын түштүгүндө дем алуу күндөрү да нөшөр жаан токтобой турганын эскертишүүдө.