Ливияда “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасына нааразы болгондордун кол салуусунан каза тапкан АКШнын Ливиядагы элчиси Кристофер Стивенстин жакындары Жакынкы Чыгышка тынчтык орнотуу аракетин көргөн кайрымдуулук корун ачышат. Бул тууралуу маркум элчинин иниси, Сан-Францисконун прокурорунун жардамчысы Том Стивенс NBC телеканалына курган маегинде билдирди.
АКШда тартылган “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасында Мухаммед пайгамбар мазакталды деп намыстанган топ 11-сентябрь күнү АКШнын Бенгазидеги элчилигине куралдуу кол салып, анда элчи менен кошо дагы үч кызматкер набыт болгон эле. Ливиядан сырткары дагы бир нече араб өлкөлөрүндө АКШнын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө чабуул жасалган.