29-сентябрда Кыргызстандагы ММК кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин жыйыны өттү. Анда медиа кызматкерлерине кесиптик бирликтин максаты, иш алып баруусу, кызматкерлердин эмгек укуктары тууралуу сөз болду. Бул тууралуу “Азыттыкка” бирликтин жетекчиси Мэри Бекешова билдирди.
- Азыркы учурда журналисттер ММК ээсинин көз карашына ылайык иштешет. Биздин негизги максат - мына ошондон арылуу. Бирок аны жокко чыгаруу үчүн журналисттер биригиш керек. Тилектештик болбосо, ар бирин өзүнчө жоопко тартуу боло берет.
ММК кызматкерлеринин кесиптик бирлиги биринчи жолу уюштуруп жаткан жыйынга Кыргызстандын бир катар журналисттери келди жана АКШнын Кесиптик бирлигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү бирликтердин милдеттери жөнүндө айтып берди.
ММК кызматкерлеринин кесиптик бирлиги 2012-жылдын февраль айында түзүлгөн. Андан сырткары Кыргызстанда журналисттер бирлиги да бар. Кесиптик бирлик андан айырмаланып жалгыз гана жазгандардын маселеси менен алектенбейт. Бул уюм ММКда иштеген техник, оператор, блогчу, корректор жана башка бардык кызматкерлердин укугун коргойт. (AKu)