АКШ 30 миллион долларды Сирия элине гуманитардык жардам катары берет. Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтондун айтымында, бул каражат азык-түлүк, дары-дармек, чатыр жана согуштук аймактарда күн көрүп жаткандар үчүн биринчи жардам көрсөтүлчү каражаттарга жумшалат. Клинтон Нью-Йоркто өткөн “Сириянын достору” жыйынында АКШ сириялык жарандык оппозицияга да 15 миллион доллар бөлөөрүн айтты.
Өткөн аптада БУУ Сириянын калкына гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн 488 миллион доллар чогултуу керектигин билдирген болчу. БУУнун маалыматы боюнча 19 ай мурун башталган жаңжалдан 2 жарым миллион сириялык жабыркап, алардын 200 миңи Түркия, Ирак, Ливан жана Иорданияда бозгун болуп, чатырларда жашап жатышат. Оппозиция-бийликтин кагылышынан өлгөндөрдүн саны 30 миңге чамалады.