Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:59

Шашылыш эскертүү: аба ырайы бузулат


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиришинче, 29-30-сентябрда аба ырайы кескин өзгөрөт. Жаан жаап, тоолорго кар түшөт.

1-2-октябрда Чүй облусунун айрым райондорунда, Талас жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде 0...3 градус үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул мөмө жемиштерине, казылып алынган жана жабылбаган картошка үчүн коркунучтуу.

Эртең, 30-сентябрда жаан жаайт, тоо этектеринде карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден 15-20 метрге чейин чыгат.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +12…+17 градус;
Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21 градус;
Баткен облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21 градус;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22 градус, тоолуу аймактарында күндүзү +4..+9, түнкүсүн +16...+21 градус болот;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…18 градус;
Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19 градус.

Бишкекте 30-сентябрда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн +7... +9, күндүз +15... +17 градус болот.

XS
SM
MD
LG