Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:03

ЕврАзЭШ 2013-жылга бюджетин бекитти


28-сентябрда Ялтада Евразия экономикалык шериктештиги – ЕврАзЭШтин мамлекеттер аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу кыргыз өкмөт аппаратынын маалыматтык саясат болүмүнөн билдиришти. Өкмөт башчыларынын деңгээлиндеги жыйында ЕврАзЭШтин комитетинин ишин жакшыртуу каралды. Өкмөт башчылардын орун басарларынан туруп, уюмдун ишин жүргүзгөн комитеттин азыр алдыда турган милдети: 5 өлкөнүн бажысы тууралуу автоматташтырылган маалымат тутумун түзүү, мамлекеттердин урандан жабыркаган аймактарын жакшыртуу.

Жыйында өкмөт башчылары ЕврАзЭШтин 2013-жылга бюджетин бекитишти.
Ошондой эле баалуу кагаз рыногун өнүктүрүү, интеграциялашуу, медицина тармагында кызматташуу боюнча документтерге кол коюлду. Ага кыргыз премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев катышты.

ЕврАзЭШке Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Тажикистан жана Беларус кирет. Украина, Молдова, Армения байкоочу мамлекеттер болуп эсептелет. (AKu)

XS
SM
MD
LG