Кыргызстандын айрым журналисттери 1-октябрда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында сөз эркиндигин жана маалымат алуу укугун коргоо максатында акция өткөрүшөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин жетекчиси Мэри Бекешова билдирди.
Абдулла Юсуповдун НТС телеканалына берген көрсөтмөсүн териштирип чыккан депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча жыйынга НТСтин журналисттери киргизилген эмес. Ушундан улам журналисттер биригип чыкканы жатканын Мэри Бекешова маалымдады:
- Акциянын негизги себеби парламенттик жыйындан чыгарылган НТС каналынын журналисттерине тилектештикти билдирүү. Журналисттик коомчулук чогулуп, аларды колдоого алып жатат. Ал жерде журналисттердин күнөөсү жок болчу. Бул бир эле ушул каналдын эмес, бардык ЖМКнын башына келе турган маселе.
“Апрель окуясындагы талап-тооноого тиешеси бар” деген айып менен тергөө абагында отурган Абдулла Юсупов өткөн айда аталган кылмышка “Ата-Мекен” фракциясынын депутаттарынын да катыштыгы бар экенин айтып чыккан. Андан кийин бул фактыны териштирүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.
Журналисттердин жыйынга кирүүсүнө көбүнчө “Ата-Мекен” фракциясынын депутаттары каршы болгону айтылууда. Анын лидери Өмүрбек Текебаев "НТС телеканалы Абдулла Юсуповдун сөзүн саясий себептерден улам берди, маалымат такталган эмес” деп эсептейт. (BkA/AKu)