Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Футбол: “Азаттык” дагы 3 упай алды


Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын арасында өтүп жаткан футбол боюнча күзгү биринчиликтин 4-туру өттү.

“Азаттыктын” командасынын бул жолку атаандашы КР футбол федерациясынын командасы болчу. Бул команда мелдешке келбегендиктен “Азаттыкчыларга” 3 упай ыйгарылды. Ошентип 4 турдун жыйынтыгында 9 упайга ээ болгон “Азаттыктын” футбол командасы НБТ телеканалынын командасы менен 1-2-орундарды бөлүшүп турат.

ЖМКлар арасындагы чемпионат Кыргызстанда быйыл биринчи жолу уюштурулуп жатат. Жайкы биринчиликте “Азаттык” 3-орунга ээ болгон. (SJ/AKu)

XS
SM
MD
LG