Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:09

11 жылдан бери Ооганстанда өлгөн АКШ аскерлеринин саны 2 миңге жетти


Ишемби күнү ооган коопсуздук күчтөрүнүн кызматкеринин колунан НАТОнун бир аскери жана базанын өткөрмө көзөмөл бекетинде келишимдик негизде иштеген жергиликтүү бир жаран набыт болду. Муну менен 11 жыл мурда Ооганстанда башталган жаңжалда каза тапкан америкалык аскерлердин саны эки миңге жетти.
Ооганстандын атайын кызматтары чет элдик аскерлерге кол салуусу быйыл өзгөчө күчөдү. Анын айынан НАТО ооган аскерлери менен биргеликте өткөрүлчү операцияларды да токтотууга мажбур болду.

НАТОнун аскерлери Ооганстандан 2014-жылы чыгарылат.

XS
SM
MD
LG