Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:35

Грузияда эртең парламенттик шайлоо өтөт


Парламенттик шайлоо дүйшөмбү күнгө белгиленген үчүн бүгүн Грузияда жымжырттык күнү. Мыйзам боюнча талапкерлер бүгүн үгүт иштерин жүргүзө алышпайт. Парламенттин төрагасы Давид Бакрадзе эртеңки добуш берүүдө “Биримдик улуттук кыймылы” башкаруучу партиясы жеңишке жетээринен үмүт кылып турганын, шайлоо ачык-айкын жана таза өтөөрүн билдирди.

Анткен менен Грузияда шайлоо алдында саясий абал кыйла курчуду. Шайлоого эки күн калганда “Грузин кыялы” оппозициялык коалициясы Тбилиси жана Кутаиси шаарларында жүз миңдеген адамдардын катышуусунда митинг өткөрдү. Митингде оппозициянын лидери, ири ишкер Бидзина Иванишвили “эл азыркы режим менен кош айтышты, буларды бакшаруучу күчтөр деп айтууга болбойт. Бул 1-октябрдагы шайлоодон кийин мыйзамдашат” деп айтты. Иванишвили азыркы бийликти оппозицияга жасаган куугунтугу үчүн да айыптады.

Бул шайлоодон кийин Грузия жаңы Баш мыйзамдын негизинде иштеп баштайт. Анда негизги роль парламентке жана премьер-министрге жүктөлөт. Эртеңки шайлоодо башкаруучу “Биримдик улуттук кыймылы” партиясы менен оппозициялык “Грузин кыялы” партиясы негизги атаандаш болушмакчы.

XS
SM
MD
LG