Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:25

Мьянманын президенти өлкөнүн келерки башчысы болуп Су Чжи келишине да даяр


Аун Сан Су Чжи АКШдагы Тынчтык институтунда, 18-сентябрь, 2012
Аун Сан Су Чжи АКШдагы Тынчтык институтунда, 18-сентябрь, 2012
Мьянманын президенти Тейн Сейн Би-Би-Сиге курган маеги учурунда 2015-жылы өтө турган президенттик шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн эркин урматтай турганын, эгер оппозициялык лидер Аун Сан Су Чжи жеңип калса, аны президент катары кабыл аларын айтты.

Аскерий хунтанын мурдагы лидери Тейн Сейн – азыр өлкөнүн жарандык президенти. Ал соңку жылдары өзүн реформаларга даяр саясатчы катары көрсөттү, Су Чжи менен кызматташаарын, экөөнүн ортосунда чоң деле пикир келишпестик жок экенин билдирди.

Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Аун Сан Су Чжи аскерий жетекчиликтин тушунда 15 жыл үй камагында жаткан. Жумуриятта демократиялык реформалар башталганда ал эркиндикке чыгарылып, кийинчерээк парламентке өткөн.

XS
SM
MD
LG