Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:14

Энергетикалык алкак маселеси чечилген жок


Кыргызстандын Энергетика министрлигинен "Азаттыкка" маалымдашкандай, өткөн жума Астанада өткөн эки күндүк сүйлөшүүдө Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан энергетикалык алкак боюнча бир пикирге келише алган жок. Сүйлөшүүлөр октябрь айында Ташкен шаарында уланмакчы, кыргыз тарап бул маселени создуктурбай чечүүнү көздөөдө.

Өткөн жумада Казакстандын борбору Астана шаарында Борбор Азиядагы энергетикалык алкак маселесин талкуулаган жыйын болгон. Ага Кыргызстандан «Улуттук электр станциялар» мамлекеттик ишканасынын башчысы Медетбек Айткулов катышкан.

Буга чейин Казакстан бир нече жолу Борбор Азиядагы энергетикалык алкактан чыгуу максатын билдирип, ага Өзбекстандын электр энергиясын мыйзамсыз алып жатканын негиздеп келет. Эгер Казакстан энергетикалык алкактан чыкчу болсо, Кыргызстандын түндүгү менен түштүктүн бир бөлүгү жарыксыз калат. Кыргыз өкмөтү энергетикалык алкактан көз карандылыкты биротоло жоюу үчүн "Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы электр линияларын курууну көздөөдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG