Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:25

Сирияда козголоңчулар Йемендин аскерлери кармалганын айтууда


Сирия өкмөтүнүн аскерлери менен кармашып жаткан козголоңчулардын тобу Алепподо Йеменден өкмөттүк армияны колдоо үчүн жиберилген беш офицер колго түшүрүлдү деп бекемдөөдө. “Фронт Ал-Нусра” уюму тараткан 4 мүнөттүк тасмада өздөрүн йемендик аскерлербиз деп тааныштырган беш киши Йемен мамлекет башчыларын Башар Асаддын режимин колдобоого чакырат, алардын колунда аскердик күбөлүктөрү да көрсөтүлгөн. Бирок азырынча алардын йемендиктер экенин тастыктаган далилдер жок.

Йемендеги укук коргоочу топ Алепподогу аскер окуу жайында окуган беш киши август айында мекенине кайтып келатып дайынсыз жоголгонун, бирок алар согушка катышпаганын билдирди.

Алепподо өкмөттүн армиясы менен козголоңчулардын ортосундагы салгылаш уланууда. Жума күнү башталган өрттөн ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилген орто кылымда курулган базар жок болгону айтылды.

XS
SM
MD
LG