Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:58

"Түндүкэлектрге" карыздын 18 миллиону сот аркылуу өндүрүлүп алынды


"Түндүкэлектр" ишканасы абоненттеринен пайдаланган электр үчүн карызын сот аркылуу өндүрүп алууну улантып жатат. Аталган компаниядан "Азаттыкка" кабарлашкандай, жыл башынан бери сот аркылуу өнөр жай абоненттеринен 16 миллион, ал эми жөнөкөй керектөөчүлөрдөн эки миллион сомго жакын карыз акча өндүрүлүп алынды. Бүгүнкү күндө жалпы керектөөчүлөрдүн "Түндүкэлектрге" карызы 300 миллион сомдун тегерегинде. "Түндүкэлектр" Бишкекти, Чүйдү жана Таласты тейлейт. (RK)

XS
SM
MD
LG