Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Жалал-Абад: Сел алган көпүрөнүн ордуна жаңысы салынды


Жалал-Абаддын Базар-Коргон районуна караштуу Сейитказы айылында жаңы көпүрө салынды. Көпүрөнү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги куруп, пайдаланууга берди.

Аталган министрликтин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” айтымында, быйыл жазында Базар-Коргон районунда 10-12 жолу сел жүрүп, бир топ арык, көпүрө, жолдорду жана турак жайларды жараксыз абалга келтирген. Сейитказы айылынын көпүрөсү да селден жабыркап, тургундар айланма жол менен каттап калган. 130дан ашык үй-бүлөнүн окуучу балдары жана мугалимдер мектепке 5-6 чакырым алыстагы көпүрө аркылуу каттап калган. Ошондой эле 300-350 кожолук эгин талааларына, мал баккан жайыттарына жете албай бир топ убара тартып келди.

Министр Кубатбек Боронов жаңы көпүрөнү быйыл бүтүрүп берүүнү убада кылган. Узундугу 11 метр, туурасы 6 метр болгон темир-бетондон салынган көпүрөнүн жалпы баасы 2 миллион 600 миң сомду түздү. (RK)

XS
SM
MD
LG