Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:04

Журналисттер парламент алдына митингге чыкты


Ушу тапта Жогорку Кеңеш имаратынын алдында элүү чакты адам чогулуп турат. Нааразылык акциясына чыккандар - журналисттер, медиа-эксперттер жана укук коргоочулар. Митингчилердин колунда "Фергана.ру, НТС... Кийинкиси ким?" деген жазуу бар экенин кабарчыбыз билдирет. Ошондой эле парламентти уятка чакырган жазуулар бар. НТС каналынын жетекчилиги алардын журналисттик ишинде эч кандай мыйзам бузуу жок экенин айтууда.

Апрел окуясынан кийин Бакиевдерден калган мүлктү тоногон деп "Ата Мекен" партиясына карата айтылган интервью НТС телеканалында бир нече жолу көрсөтүлгөн. Муну териштирүү максатында депутаттык комиссия түзүлгөн. НТС каналы аталган комиссиянын жыйынына кирбей калдык деп даттанган. Бирок "Ата Мекендин" өкүлдөрү ал жыйынга жалаң гана НТС эмес, башка каналдар да кирбегенин айтып жатат. (MiT/RK)

XS
SM
MD
LG