Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:19

"Бешинчи каналдын" түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгү жабылды


"Бешинчи канал" телекомпаниясынын түштүк аймагы боюнча корреспонденттик пункту жабылды. Аталган пунктта иштеп келген кабарчысы Гүлзат Газиеванын "Азаттыкка" айтымында, пункт бүгүнтөн тарта расмий жабылды. Жабылуунун так себеби айтылган жок. Бирок каржы маселесине байланыштуу болушу ыктымал экени айтылууда. Былтыр "Бешинчи каналдын" Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү да жабылган болчу.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин коррупциялык иштерине тиешеси бар делген "Бешинчи канал" 2010-жылдын апрел окуясынан кийин мамлекетке өтүп, кийин парламенттик болуп калган. (RK)

XS
SM
MD
LG