Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:14

Талип жанкечти 13 адамды жалмады


Ооганстандын чыгышында жанкечтинин чабуулунан кеминде 13 киши ажал алды. Набыт болгондордун арасында НАТО баштаган эл аралык күчтөрдүн үч аскери жана төрт ооган полициячы бар. Кол салуу НАТО жана ооган аскерлери Хост шаарында чогуу черүүдө жүргөндө болгонун Ооганстандын Ички иштер министрлигинин өкүлү маалымдады. Жанкечтинин чабуулун талиптер уюштурганын алардын өкүлү Забиулла Мужахид маалымат каражаттарына жиберген катында тастыктады.

XS
SM
MD
LG