"Манас" аэропортундагы Транзиттик жүк ташуу борбору Бишкектеги Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептин имаратын жаңылап берди. Аталган борбордон кабарлашкандай, айрым аудиториялардын жана чоң концерттик залдын терезе-дубалдары, тактайы жаңыртылды. Жалпысынан 18 миң доллар акча кетти.
Ооганстандагы антитеррордук операцияга катышкан аскер-аба күчтөрүн тейлеген Транзиттик жүк ташуу борбору бул сыяктуу социалдык долбоорлордун бир нечесин буга чейин ишке ашырган. (RK)
Ооганстандагы антитеррордук операцияга катышкан аскер-аба күчтөрүн тейлеген Транзиттик жүк ташуу борбору бул сыяктуу социалдык долбоорлордун бир нечесин буга чейин ишке ашырган. (RK)