Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:41

Грузиядагы демократиянын абалы шайлоодо сыналууда


Президент Михаил Саакашвили Тбилисиде добуш бергенден кийин кабарчылар менен кездешүүдө айтышынча, бүгүн “Грузия мамлекетинин тагдыры чечилүүдө”. НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен да Брюсселде өткөн маалымат жыйынында келерки жылы Грузияда президенттик шайлоо үчүн парламенттик шайлоонун мааниси зор экенине токтолду:

- Албетте бул шайлоо чынында эле Грузия үчүн аябай маанилүү. Деген менен быйылкы парламенттик шайлоо, ошондой эле кийинки жылкы президенттик шайлоо Грузиядагы демократиянын кантип иштегенин көрсөтчү лакмус кагазын сыноо болот.

Борбордук шайлоо комиссиясынын кабарлашынча, бешимге чейин шайлоочулардын 45 проценти добуш берди.

Грузия парламентиндеги 150 орун үчүн 14 партия жана 2 блок ат салышууда. 2003-жылдан бери бийликтеги Саакашвили башындагы башкаруучу партиянын шайлоодогу негизги атаандашы - миллиардер Бидзина Иванишвили жетектеген коалициячыл блок. Саясый өнөктүккө 400дөн ашуун эл аралык байкоочу көз салышууда.

XS
SM
MD
LG