ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

Ирандын улуттук акчасы дагы 7 процентке арзандады

Дүйшөмбү күнкү соодада Иран риалы 7 проценттен көпкө наркын жоготту жана биринчи жолу 1 АКШ доллары 32, 250 риалга сатылды. Бир жума илгери эле 1 АКШ доллары 24, 6 риалга алмашылып жаткан. Риалдын куну качканын жарыяланган сайттын бетин ошол замат Иран бийликтери жапканы маалымдалды. Өткөн аптада расмий Тегеран улуттук акчанын кубатын чыңдоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлөрүн билдирген. Далдалчы-соодагерлердин айтышынча, өкмөттүн сөзү рынокту стабилдештиргендин ордуна кымгуутка салды.

Былтыр жыл бою акырындап арзандап жаткан риалдын акыркы айларда наркын кескин жоготуусуна Ирандын ядролук программасына байланыштуу Батыштын санкциясын катуулатуусу кедерги болду.
​
XS
SM
MD
LG