Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:38

Кыргызстанда СПИД/ВИЧ оорусу тамыр жайды


Республикалык СПИД борборунун маалыматына караганда, 1-сентябрга карата ВИЧ илдетинин балдарга жугушу боюнча жаңы 146 учур катталган, анын 95и медициналык мекемелерде жуккан. Расмий маалыматка ылайык, жалпы өлкө боюнча 4 417 киши ВИЧ оорулуу, мунун ичинен 4 338и кыргызстандык жарандар. СПИД менен ооругандардын саны 492. Акыркы жылдары ВИЧ оорулуу 649 киши көз жумган, алардын ичинде 225 адам СПИД оорусунан улам жарык дүйнө менен кош айтышты.
Адистер ВИЧ эпидемиясы Кыргызстандын бардык аймактарында жүрүп жатканын айтып, коңгуроо кагышууда, алардын белгилешинче кийинки убактарда илдеттин жыныстык карым-катыш аркылуу жугуусу күч алды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG