Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:44

БУУ: Кыргызстанда кыйноолорго күрөштү күчөтүү зарыл


БУУнун адам укуктары боюнча органы Кыргызстандагы жабык жайларды кыдырган соң, кыргыз өкмөтүнө жабык эскертүү жолдоду. БУУнун алдындагы кыйноолорду алдын алуу комитети 19-28-сентябрь күндөрү Кыргызстандагы жабык жайлардагы адам укуктарынын абалы менен таанышкан. Ошондой эле расмий бийликтин, жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушуп, бул жааттагы абал тууралуу сүйлөшкөн. Делегациянын башчысы Арман Даниелян Кыргызстанда кыйноолорго каршы башталган иш-чаралар уланарына үмүтүн билдирип, ушул жылы Жогорку Кеңеш кабыл алып, президент бекитип берген “Кыйноолорду жана адамгерчиликсиз, ырайымсыз мамилелерди алдын алуу борбору” тез арада түзүлүп, ишке кирүүсү зарыл деп белгилеген. Ошондой эле подкомитет кыргыз өкмөтүн бул үчүн жетиштүү каражат бөлүп берүүгө чакырган.

Кыргызстандагы жабык жайлардагы адам укугу менен таанышуу учурунда БУУнун органы эркинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдар менен жолугуп, сүйлөшкөн, ошону менен бирге өлкөдө мындай адамдарга жасалып жаткан мамилени баалоого жетишкен.

БУУнун адам укуктарын коргоо органы өз отчетунун акыркы вариантын толугу менен кыргыз бийлигине жабык түрдө жөнөтөрүн белгилеп, мындан ары да конструктивдүү диалог уланарына үмүтүн билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG