Казакстан-Кытай чек арасындагы аскерий бекетте 14 кызматташын жана токойчуну өлтүрдү деп шектелип жаткан Владислав Челахка расмий айып тагылды.
Айыпкердин адвокаты Төлөгөн Берликожановдун билдиришинче, Челах чогуу кызмат өтөгөн аскерлерди өлтүрдү, армиядан качты, каруу-жарак уурдады, аскерий мүлккө зыян келтирди делип, бардыгы сегиз берене боюнча күнөөлөндү.
28-майда Алматы облусунун Арканкерген чек ара бекетинде 14 аскер жана токойчунун атып өлтүрүлгөн, ошондой эле өрттөлгөн жасаттары табылган. Чек арачылар жашаган казарма там да өрттөн катуу зыян тарткан экен. 15-чек арачы Владислав Челах кийинки күнү тирүү табылган. Ал адеп кызматташтарын жана токойчуну өлтүргөнүн мойнуна алып, кийин өзүн акмын деп, баштапкы сөзүн танган.