Тажик адам укугун коргоочу уюмдары кечээ өкмөттөн түрмөдө жаткан адамдын өлүмү боюнча иликтөө жүргүзүүнү талап кылышты. 20-сентябрда Дүйшөмбү шаарындагы №1 түрмөдө каза болгон Хамза Икромзоданын туугандары анын денесинде кыйноонун белгилери болгонун, кызытылган үтүктүн басылган тактары калганын айтышты.
Өлгөн кишинин жакындары кечээ Башкы прокуратурага аталган ишти иликтөөнү талап кылган сегиз адам укугун коргоочу уюмдун биргелешкен билдирүүсүн тапшырышты. Бул билдирүүдө түрмөдө сырдуу жагдайларда каза болгон дагы алты адамдын иши жөнүндө айтылган.
Кечээ өлкөнүн юстиция министри Рустам Менглиев парламентте ушул маселеге кайрылып, 27 жаштагы Икромзоданын өлүмү сөзсүз иликтенет жана күнөөлүүлөр жазасыз калбайт деп убада кылды.
Тажикстандын Кылмыш-жаза кодексине жакында киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, кыйноо фактысы үчүн айыпталган киши 15 жылга чейин түрмөгө отургузулат. Кодекске ал өзгөртүү быйыл мартта киргизилгенден бери өлкөдө бир гана мурдагы милиция кызматкери кыйноо үчүн соттолгон.