Өкмөт да, оппозиция да кечээ Грузияда өткөн парламенттик шайлоодо жеңгенин билдирип жатышат. Бул жолку шайлоодо парламенттеги 150 орун үчүн негизинен президент Михаил Саакашвилинин Бириккен улуттук кыймылы менен миллиардер-саясатчы Бидзина Иванишвилинин оппозициялык “Грузин кыялы” коалициясы күрөшүүдө.
“Имеди ТВ” менчик телеканалы добуштардын 50% “Грузин кыялына”, 40% Бириккен улуттук кыймылга тийет деп билдирди. Саакашвили өз билдирүүсүндө “Иванишвили өлкөнү Батыштан алыстатып, кайрадан Москванын таасирине жакындатат” деп билдирди. Иванишвили муну четке кагууда. Шайлоонун алгачкы жыйынтыктары жакынкы сааттарда айтылышы керек.