Кечээ Москвада орус өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведев Facebook социалдык түйүнүн түзгөн Марк Цукерберг менен жолукту. Алар баш калаага жакын жайгашкан Сколково инновациялык борборунун курулушу, маалымат технологияларынын бул өлкөдөгү абалын жана социалдык түйүндөрдүн саясатка таасирин талкуулашканы айтылууда.
Орусия Facebook түйүнү популярдуулугу боюнча биринчи орунда турбаган дүйнөдөгү эң ири мамлекеттердин аз санына кирет. Медведев болсо өзүн Орусиянын көбүрөөк инновацияга негизделген экономикага айланышын жактаган саясатчы катары көрсөтүүдө.