Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:28

Кумтөр алтын кени боюнча келишим кайра каралбайт


Бул тууралуу журналисттерге кенди иштетип жаткан Centerra Gold ишканасынын президенти Ян Аткинсон 1-октябрда айтты. Ал Кыргызстандын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин азыркы келишимдин шарттары сакталат деген сөзүнө таянуу менен, келишимди кайра кароого негиз жок деп билдирди. Centerra Gold жетекчиси Кумтөрдөн алтын казып жаткан ишкананын ишине айрым адамдар гана нааразы деп эсептейт. Анын айтуусунда, алтынды казуу, куюу иштери кайра жанданды, ал эми мөңгүлөрдүн эрүүсүнө байланышкан маселе чечилген, бирок дагы чечүүнү талап кылган техникалык көйгөйлөр бар.

Кумтөр алтын кени үстүбүздөгү жылы жай айларында ар түрдүү себептер менен иштеген жок. Ал аралыкта кен казган компаниянын акцияларынын баасы төмөндөп кеткени кабарланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG