Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:52

Красноярск: Урмакееванын сөөгү Бишкекке бүгүн жөнөтүлөт


Орусиянын Красноярск шаарында унаа кырсыгында каза тапкан кыргызстандык Гүлжамийла Урмакееванын сөөгү Бишкекке бүгүн алынып келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлайт.

46 жаштагы Урмакеева 27-сентябрда Сосновоборск - Красноярск трассасында унаа кырсыгында набыт кеткен. Аны менен кошо ошол эле "Газел" унаасында дагы эки кыргызстандык жаран бараткан. Алар азыр ооруканада.

Красноярск крайындагы кыргыз диаспорасы Урмакееванын сөөгүн Бишкекке жөнөтүү үчүн 30 миң рубл чогултуп берген. (RK)

XS
SM
MD
LG