Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:17

“Бир дүйнө” фестивалы Жалал-Абадда уланууда


Адам укуктарына арналган “Бир дүйнө” документалдуу тасма фестивалы Жалал-Абадда уланууда. Фестивал Барпы театрында бүгүн “Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмне бар?” деген тасма менен ачылды.

Фестивалды уюштурган “Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун өнөктөшү жана “Борбор Азиядагы маданият жана искусство” борборунун директору Алмакан Найзабекова адамдардын укуктары күн сайын бузулуп жатканын белгилеп, быйыл “Бир дүйнөнүн” Бишкекте өткөн ачылышына 16 мамлекеттен отуздан ашуун режиссер катышканын айтты. Бирок Өзбекстан, Түркмөнстан жана Казакстандын киночулары фестивалга катыша албай келатканын билдирди.

Жалал-Абадда аялдар жана балдар укуктары боюнча он төрт тасма көрсөтүлөт. Фестивал 5-6-октябрда Ошто, 8-9-октябрда Баткенде уланып,11-12-13-октябрда Тажикстандын Согди облусунда аяктайт. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG