Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:46

Грузия: оппозиция ат чабым алдыда баратат


Грузин БШКсы дүйшөмбү күнү өткөн парламенттик шайлоодон кийинки добуштарды саноодо оппозициялык “Грузин кыялы” партиясы 54% добуш менен алдыда баратканын маалымдады. Бийликтин Бириккен улуттук кыймылы партиясы азырынча 42% добушка ээ. Шейшембиге караган түнү Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Зураб Харатишвили БШКнын компьютерлеринде проблема болуп, монитордо ар кайсы сандар өзүнөн өзү пайда болуп калганын билдирген. Ал БШКнын компьютерлерине хакерлер кол салышы мүмкүн деген божомолун айтты. Бирок БШК кызматкерлери шайлоо жыйынтыгын көргүсү келип, сайтка киргендердин саны кескин көбөйүп кеткендиктен сайт ушундай проблемага тушукканын билдиришүүдө.

Бул шайлоо Грузиянын саясий келечеги үчүн өзгөчө мааниге ээ экени айтылууда. Анткени өлкөнүн саясий системасында өзгөрүүлөр болуп, мындан ары көбүрөөк бийлик парламент менен премьер-министрге ыйгарылат.

XS
SM
MD
LG