Катар мамлекети Кыргызстанда өз элчилигин ачат. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
29-сентябрда Бишкекке Катардын Кыргызстандагы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Али Жабер Ал Марри келди. Элчиликти ачуу максаты - эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө.
Катар Кыргызстанда кен иштетүүгө кызыкдар экенин аталган өлкөнүн премьер-министри Шейх Хамад Бин Жасим Бин Жабер Ал Тани кыргыз өкмөтүнүн расмий делегациясы менен быйыл мартта Дохадагы жолугушуусунда билдирген. Анын айтымында, Катар Кыргызстан менен кен иштетүү тармагында гана эмес, эл аралык аба каттамдарды ачуу багытында да кызматташууга даяр. (RK)