Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:40

Кен аукционуна тоскоол болгондорго айып тагылды


Кыргызстандагы айрым кендерди иштетүүгө берүү максатында инвесторлор үчүн уюштурулган аукционду үзгүлтүккө учураткандарга расмий айып тагылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Кыргызстан жаңы күчтөрү" уюмунун теңтөрагасы Кадырбек Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, аталган уюмдун теңтөрагасы Кубат Токсобаев бейбаштык кылды деп Кылмыш кодексинин 234-беренеси боюнча айыпталып, анын баш коргоо чарасы аныкталды.

Бишкектин Свердлов райондук соту 1-октябрда Токсобаевди үй камагына алуу чечимин чыгарды. Сот бир айдан кийин башталат.

Быйыл 28-августта телерадио аркылуу түз ободо өтө турган аукционду өзүн жарандык коом өкүлдөрүбүз деп атаган топ үзгүлтүккө учураткан. Алар эфир башталаарда залга кирип барган. Аукционго катышам деп келген инвесторлор, дипломаттар качып чыгууга мажбур болгон.

12-сентябрда парламентте сүйлөгөн сөзүндө өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев “Эгер экономика көтөрүлсүн десек, инвесторлорго мамилени өзгөртөлү. Инвесторлор үчүн Кыргызстан бейиштин төрү болуш керек”, – деген.

28-августта аукционду үзгүлтүккө учураткан себебин "Кыргызстан жаңы күчтөрү" уюмунун өкүлдөрү "Кумтөрдүн акчасы кайсы жакка кеткени тууралуу маселе ачык чечилмейинче дагы 11 кенди инвесторлорго карматып жиберүүгө жол бербейбиз", - деп "Азаттыкка" айткан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG