Бишкектин Биринчи май районундагы Калыс-Ордо жаңы конушунда Жаштардын өнүгүү борбору ачылды. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты. Баардык каалоочулар ал жерден компьютерди жана англис тилин үйрөнө алат. Ар кандай талкууларды уюштурса да болот. Борборду ачууга АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги жана ЮНИСЕФ көмөктөштү. (RK)