Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

УКМК: Ош мэриясы мамлекетке 1,2 млн сом зыян келтирген


Ош мэриясы шаарды тейлөө үчүн атайын унаа сатып алуу боюнча тендерди мыйзамсыз өткөрүп, мамлекеттик бюджетке 1 миллион 200 миң сом зыян келтирди деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы кызматы кабарлады. Кылмыш кодексинин эки беренеси боюнча иш козголду. Кыргызстандын кызыкчылыктарына каршы келген контракт түзүлгөн жана тендер өткөрүү тартиби одоно бузулган деген айыптар коюлмай болуп жатат.

Ош мэриясынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, тендерлерди муниципалдык менчик башкармалыгы өткөрөт. Учурда УКМКнын койгон дооматы боюнча териштирүү жүрүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG