Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:45

Мурдагы министр Сабировдун соту бүгүн да уланат


Анда күбө катары Социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Гүлнара Дербишева көрсөтмө берери күтүлүүдө. Равшан Сабировдун адвокаты Икрамидин Айткуловдун “Азаттыкка” маалымдашынча, андан кийин сот мурунку министрди жана анын жардамчысын суракка алышы ыктымал.

Мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировго Башкы прокуратура тарабынан “Ири өлчөмдө пара алган” деген айып тагылып, 5-июль күнү камакка алынган. 25-июлда соттун чечими менен анын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган. Анын орун басары Гүлнара Дербишева да ушундай эле айып менен 31-август күнү кармалып, учурда УКМКнын убактылуу камоочу жайында кармалууда. Буларга чет өлкөлүк жарандарга бала асыроого уруксат берүүдө коррупциялык иштерге аралашкан деген айып тагылууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG